Бишкекте унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 жигит жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Л.Толстой көчөсүндө болгон.
Желимдөөчү жайдын 20 чарчы метр бөлмөсү, 15 дөңгөлөк, 2 матрац күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э менен 1999-жылы туулган Ш.Ю. 1-даражадагы күйүк алган.
Өрттүн чыгышына тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы эреженин сакталбаганы себеп болгон.