Кочкор районунда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жаракат алган айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында болгон.
Анда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. ӨКМдин куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жеңил жаракаттарды алган. Алар Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.