Бишкекте белгисиз бирөөлөр кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип өрттөп салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти милицияга 10-ноябрда кайрылган.
«Унааны Свердлов районунан уурдап кетишкен. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Өрттөлгөн унааны Чүй облусуна караштуу Милянфан айылынан табышты. Учурда иликтөө иштери уланууда», -деп билдиришти ШИИББдан.