10:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Москва районунда поезд бир кишини сүзүп кетти

Чүй облусуна караштуу Москва районунда поезд бир кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 10-ноябрда болгон. Машинисттин айтымында, ал поездди токтотууга аракет кылган, бирок ал ишке ашпай калды.

«Поезддин сигналына маркум көңүл бурган эмес. Анын өздүгү такталды, ал аталган айылдын 54 жаштагы тургуну болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.