Чүй облусунда тепловоз 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.
Кырсык кечээ болжол менен саат 17:33тө «Кара-Балта» менен «Кайыңды» станцияларынын ортосунда болгон.
«Өспүрүм кулагына наушник тагып алган, эскертүүчү сигналды уккан эмес. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди, ал бутунан жаракат алган», -деп билдиришти ИИМден.