03:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жемкорлукка шектелген кызматкер кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы жемкорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Н. аттуу бөлүм башчысы унааларды каттоодо жана автомектептердин окуучулары айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен берүүдө жарандардан мыйзамсыз түрдө акчаларды алуу максатында, коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталды.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума