10:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Оштогу жол кырсыгы бир кишинин өмүрүн кыйды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жеңил унаа тосмону сүзүп, кесепетинен 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып рулду башкара албай, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми жолдо 20 жаштагы жаран бейтапканага жетпей көз жумган.

Кырсык Кызыл-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар