USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жылуулук качан берилет? Бишкектиктер батирдеги суукка даттанышууда

12:21, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын тургундары социалдык тармактарда батирлердеги суукка даттанышууда.

Шаардыктардын айтымында, үйдө да сырттагыдай калың кийинип жүрүүгө туура келүүдө.

«Сыртта түнкүсүн температура нөлдөн төмөндөп жатат, эл үшүп, ооруп жатат», «Бишкекте жылуулукту күйгүзгүлө! Эмне үчүн биз үшүп, температуранын дагы төмөндөшүн күтүшүбүз керек? Анын үстүнө жылуулук үчүн өзүбүз төлөйбүз да», «Сөөгүбүзгө чейин өтүп жатат, жылуулук бериңиздерчи!», «Сиздердин үйдө да ушундай суукпу? Атүгүл кондиционер да жардам бербей жатат», — деп жазышууда социалдык тармактардын колдонуучулары.

Айрымдары өзгөчө мектептерде, бала бакчаларда балдар жана ооруканалардагы бейтаптар үшүп жатканын айтышууда.

Ошол эле учурда жакынкы күндөрү аба ырайы жылууболоорун жана эгер жылуулук берилсе, үйлөр ысып, «терезелерди ачып, сыртты жылытууга туура келерин» белгилеген жарандар да бар.

Жеке үйлөрдө жашаган көптөгөн тургундар үйлөрүн газ же көмүр менен жылыта башташты.

Эскерте кетсек, буга чейин мэриядан жылуулук берүү сезонду баштоо тууралуу чечим абанын орточо суткалык температурасы катары менен беш күн бою +8 градустан төмөн болгондо кабыл алынарын билдиришкен.

Муниципалитеттин маалымат кызматы бүгүн 24.kg басылмасына жылуулук сезонун баштоо боюнча тескеме бар-жогу тууралуу суроого жооп берген жок.

Аба ырайы кескин сууктап кеткен учурда Бишкек ЖЭБи толук көлөмдө иштөөгө даяр. Жылуулук биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана социалдык коргоо мекемелерине андан кийин көп батирлүү турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

2025-жылы Кыргызстандын борборунда жылуулук берүү сезону 3-ноябрда башталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18