Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 77 пайызы жылытуу системасына кошулду
Бүгүн, 29-октябрь саат 10.00гө карата «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын карамагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн болжол менен 77 пайызы жылуулук системасына туташтырылды. Бул тууралуу муниципалдык ишканадан билдиришти.
Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, кызматкерлер абоненттерди туташтырууну, гидравликалык режимдерди жөнгө салууну жана жылуулук менен камсыздоо системасынын ишин турукташтырууну улантууда.
Жылытуу системасын ишке киргизүү — убакытты талап кылган, бир нече этаптан турган татаал технологиялык процесс. Системанын ишин жөнгө салуу жана керектүү параметрлерге келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Буга чейин маалымдалгандай, бардык керектөөчүлөрдү жылытуу системасына кошуу иштери бир нече күнгө созулат.
Өткөн түнү ишкананын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн кайрылуулар боюнча 17 жолу жерине чыгышты. Учурда кырдаалга көз салуу иштери улантылууда.
Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.