USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте «Жал-23» кичи районундагы айрым үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлөт

09:04, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги «Жал-23» кичи районунун айрым үйлөрүндө жылуулук жана ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, № 72 мектептин кошумча корпусун борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тутумуна кошуу иштерине байланыштуу бүгүн, 19-ноябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү турак үйлөрдө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт:

«Жал-23» кичи району — № 35, 33, 31, 28/1, 28, 29, 26, 25, 24, 23, 23/1, 22, 21, 20 үйлөр.

Иштер аяктагандан кийин ысык суу жана жылуулук берүү калыбына келтирилет.

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18