USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкекте жылуулук берүү 28-октябрдан тарта башталат

13:32, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 28-октябрдан баштап турак үйлөргө жана башка имараттарга жылуулук бериле баштайт.

Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев билдиргендей, бул чечим абанын температурасынын төмөндөшүн жана электр тармактарына түшкөн жүктөмдү азайтуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Ошондой эле Гидрометеорология кызматынын аба ырайы боюнча божомолу да эске алынганы белгиленет.

Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Буга чейин Бишкектин тургундары батирлердеги суукка даттанып жатышканы кабарланган. Ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда балдар үшүп жаткандыгы тууралуу арыздар катталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18