USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте дээрлик бардык жылуулук отканалары туташтырылды

14:12, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылытылуучу объекттердин 97 пайызга жакыны жылуулукка туташтырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Саат 10.00гө карата отканалардын 99 пайызы ишке киргизилди.

Жылуулук бардык саламаттыкты сактоо объекттерине, бала бакчаларга жана жогорку окуу жайларына берилди. Ошондой эле мектептердин 98 пайызы, башка бюджеттик уюмдардын 100 пайызы жана турак үйлөрдүн 99 пайызы жылуулукка туташты.

Калган объекттерди туташтыруу иштери улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18