USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги жылуулук тармактары 68,6 пайызга эскирген

13:01, 21 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын борборундагы жылуулук тармактары 68,6 пайызга эскирген. Бул тууралуу «Биринчи радиодогу» эфирде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын имарат ичиндеги системалар боюнча башкы инженеринин орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди.

Анын айтымында, түтүктөрдүн колдонуу мөөнөтү — 25 жыл.

«Бишкекте айрым тармактар 40, ал тургай 50 жылдан бери кызмат кылып келет. Бирок биз бул багытта иштеп жатабыз. Мисалы, мурда эскирүү 70 пайыздан ашык болсо, азыр 68,6 пайызга чейин төмөндөдү. Түтүктөрдү финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша алмаштырып жатабыз. Айтсак, 2022-жылы 3 миң 365 метр түтүк алмаштырылса, 2023-жылы — 3 миң 666 метр, 2024-жылы — 3 миң 770, 2025-жылы — 4 миң 551 метр алмаштырылган. 2026-жылы 3 миң 840 метр түтүк алмаштырылды, бирок план боюнча бардыгы болуп 5 миң метрге жакын. Иште чоң көлөмдөгү жер казуу иштерин талап кылбаган жаңы технологияларды колдонуудабыз», — деди Юрий Дмитрущенко.

Ал ишкананын балансында жалпысынан 481 километр түтүк, 22 насостук станция, 2 миң 482 жеке жылуулук пункту жана техникалык тейлөөдөгү 2 миң 70 үй бар экенин кошумчалады.

Дмитрущенко шаарды деборборлоштуруу жүрүп жатканын белгиледи: «Акыркы керектөөчүлөр айрым тилкелерди тейлей турган отканарга өтүшүүдө. Быйыл бул өзгөрүүлөр № 10 кичи районуна, «Энергетиктер шаарчасына», «Куруучулар шаарчасына» жана «Учкун» кичи районуна тиешелүү болот».

Муниципалдык ишкананын өкүлү «Бишкекжылуулуктармагы» алдыдагы жылуулук берүү сезонуна даяр экенин ишендирди.

Жылуулук бере баштоонун мөөнөттөрү азырынча тактала элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18