USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

МинКаб төрагасы Транспорт министрлигине 50дөн ашык жаңы жол техникасын тапшырды

12:24, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты.

Ага ылайык, алгач Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 50дөн ашык жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Жаңы техникалардын катарына өзү төгүп бошоткучтар (самосвалдар), автогрейдерлер жана жүктөгүчтөр кирди.

Минкабдын маалыматы боюнча, 2022-жылдан 2026-жылга чейин жол тармагы үчүн 1 миң 344 даана техника сатылып алынган. Салыштырмалуу айтсак, 2010-жылдан 2020-жылга чейин 648 даана гана техника сатылып алынган болчу.

Андан соң Адылбек Касымалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө ал акыркы жылдары жол тармагын каржылоо кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Эгерде мурда бул максатка жыл сайын 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп келсе, акыркы жылдары каржылоонун көлөмү 60 миллиардга жетти.

Блок YouTube

«2025-жылы 1 миң 545 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйыл бул көрсөткүч 1 миң 700 чакырымдан ашат. Бул жол курулушунун масштабы канчалык өскөнүн айкын далилдеп турат», — деди Минкаб башчысы.

Ал өлкөнүн логистикасын жана экономикасын өнүктүрүү үчүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу канчалык маанилүү экенин баса белгиледи.

 

Иш-чаранын соңунда жол тармагынын кызматкерлери Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Мындан сырткары, онлайн-форматта аймактарда курулган жана оңдолгон бир катар автомобиль жолдору ачылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18