USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Адылбек Касымалиев бүгүн Түркиядагы климаттык конференцияга катышат

08:19, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Түркияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,Министрлер кабинетинин төрагасы Анталья шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясына (COP31) катышат.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев иш-чаранын ачылыш аземине, ошондой эле «Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу: мөңгүлөр жана криосфера, температуранын чектүү көрсөткүчтөрү ашып кеткен шартта туруктуулукту бекемдөө, биргелешкен жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо» деп аталган жогорку деңгээлдеги сессияга катышат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18