COP31: Министрлер Кабинетинин төрагасы саммитте улуттук билдирүү жасады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында өткөн Лидерлер саммитинде эл аралык өнүктүрүү институттарын, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду Ысык-Көлдү сактоо боюнча Кыргызстандын демилгесине кошулуп, биргелешкен аракеттерди колдоого чакырды.
Минкаб төрагасы белгилегендей, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялаган. Ошондой эле фонддун ишин баштоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечими кабыл алынган.

«Анталиянын кооз жаратылышына суктанып жатып, мекенибиздин бермети — Ысык-Көлдү эстедим. Географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, бул эки уникалдуу жаратылыш байлыгын бирдей жоопкерчилик бириктирип турат. Ал — суулардын тазалыгын сактоо, акваторияларын жана жээктерин булгануудан коргоо. Биз үчүн Ысык-Көлдү сактоо — бул жөн гана экологиялык маселе эмес, келечек муундардын алдындагы чоң жоопкерчилик», — деди Касымалиев.
Эске салсак, Кыргызстан практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий, техникалык жана финансылык потенциалды бириктирүүгө багытталган Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду түзүү демилгесин көтөрүүдө.
Адылбек Касымалиев кесиптештерин жана иш-чаранын конокторун 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Белгилей кетсек, COP31 конференциясына 190дон ашык мамлекеттин делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.