Кыргызстанда 2050-жылга чейин жерди пайдалануу концепциясы бекитилди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жерди рационалдуу пайдалануу жана мейкиндикте өнүктүрүү боюнча 2050-жылга чейинки Концепциясын бекитти. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Документ өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн туруктуу моделин калыптандырууга, жер жана суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, айыл чарба потенциалын сактоого, ошондой эле азык-түлүк, суу жана инфраструктуралык коопсуздукту чыңдоого багытталган.
Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети үч айдын ичинде 2027–2030-жылдарга эсептелген биринчи этапта концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш.
Документте жооптуу мамлекеттик органдарды, иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн, каржылоо булактарын, ошондой эле концепциянын ишке ашырылышынын натыйжалуулугу баалануучу баштапкы жана максаттуу көрсөткүчтөрдү аныктоо зарыл.
Министрлер Кабинетине ошондой эле ведомстволар аралык координацияны жана каралган иш-чаралардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Каржылоо тиешелүү жылдарга каралган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
Жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.