USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Ош шаарында дээрлик 1 миллиард сомго мектеп ачылды

16:02, 06 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 1 миң 200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы жаңы орто мектеп ачылды. Салтанаттуу ачылышка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

МинКабдын маалыматы боюнча, билим берүү мекемесинин курулушуна Стабилдештирүү фондунан дээрлик 1 миллиард сом бөлүнүп берилген.

Эки нөөмөт менен окутууда мектеп 2 миң 500гө чейин окуучуну кабыл ала алат. Имаратта окуу кабинеттери, китепкана, ашкана жабдылган. Ошондой эле футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары каралган.

Ачылышта сүйлөп жатып Адылбек Касымалиев 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарында 10 мектептин курулушуна старт бергенин эске салды. Алардын бири буга чейин эксплуатацияга берилген.

МинКаб төрагасы мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы тууралуу да айтып өттү. Анын айтымында, эгерде 2025-жылы мугалимдердин эмгегин төлөөгө 58 миллиард сом каралган болсо, 2026-жылдын тогуз айында кошумча 41 миллиард сом бөлүнүп берилген.

Адылбек Касымалиев билдиргендей, мугалимдердин орточо айлык акысы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин өстү.

Жыйынтыгында ал мектептин так жана табигый илимдерди, технологияларды, инженерияны жана математиканы тереңдетип үйрөнүүнү болжолдогон STEM-билим берүү системасына өтүүсүн камсыз кылууну тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18