USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапар менен келди

14:45, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

БүгүнКыргызстанга Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык,«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Расмий сапардын алкагында өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт, мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумуна катышат жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18