Бүгүн саат 14.50дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Котур-Булак айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Пульгон айылынан 8 чакырым түштүк-батыш тарапта жана Кадамжай шаарынан 10 чакырым түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Калктуу конуштарда, тактап айтканда Таш-Кыйа, Котур-Булак, Кадамжай жана Пульгондо жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жакын сезилген. Ал эми Кара-Дөбө, Котормо, Кызыл-Булак, Кескен-Таш, Үч-Коргон, Тамаша жана Гайрат айылдарында — 3 баллга жакын болгон.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.