Караколдо 28 гектарга жакын жеке менчик жер мамлекетке өтөт
Кыргызстандын Министрлер кабинети жарандардын жеке менчигиндеги жер тилкелерин Караколдогу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине алмаштырууну жактырды. Токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Сөз Каракол мэриясынын Челпек айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 27,66 гектарды түзгөн жер тилкелери жөнүндө болууда. Мурда алар 23 субъектке, анын ичинде 131 жаранга жер үлүшү катары берилген.
Документке ылайык, алмашуу менчик ээлеринин макулдугу менен жүргүзүлөт. Алардын ордуна ошол эле аймактык башкармалыктын аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жер тилкелери берилет.
Каракол мэриясына алмашуу келишимдерин түзүү, жеке менчик жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жана мурда катталган мүлктүк укуктарды токтотууну камсыз кылуу тапшырылды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке муниципалитет менен биргеликте жерге жайгаштыруу иштерин жана тилкелерге болгон укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү тапшырылды.
Документте белгиленгендей, чечим жер мамилелерин жөнгө салуу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Ошол эле учурда мамлекет алынган 27,66 гектар жерди так кайсы максаттарда пайдаланууга ниеттенип жатканы жана ордуна берилүүчү тилкелердин аянты канча экени токтомдо такталган эмес.