USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусу өттү

13:40, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун расмий жолугушуу аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма соз кызматы билдирди.

Жолугушуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароол тизилди.

Өкмөт башчыларынын саламдашуусунан кийин Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын саламдашуусунан соң, расмий делегация мүчөлөрү тааныштырылды.

Эске салсак, Олжас Бектенов Кыргызстанга кечээ келген. Буга чейин сапардын алкагында өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү кабарланган. Мындан сырткары, Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектенов Кыргызстан менен Казакстандын аймактар аралык кызматташуусунун экинчи форумуна катышып, Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынын өткөрүшөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18