Бишкекте 46 миллион сомдук 7 килограммдан ашык баңгизат колго түшүрүлдү
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын тараткан деп шектелгендерди кармашты.
Мекемеден билдиришкендей, Бишкекте 2000-жылы туулган С. Б. аттуу чет элдик жаран жана М. А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.
«Атайын өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө жалпы салмагы 6 килограмм 300 грамм болгон мефедрон синтетикалык баңгизаты жана салмагы 1 килограмм чарс баңгизаты табылып, колго түшүрүлдү», — деп белгилешти.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул партиянын баасы болжол менен 46 миллион сомду түзөт.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, чет элдик жаран буга чейин Грузия, Армения жана Россия аймактарында баңги каражаттарын таратуу менен алектенип келген. Ал эми анын шериги М. А. Индонезиянын Бали аралында баңгизаттарды таратууга катыштыгы бар экени тууралуу маалыматтар аныкталган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыштуу ишмердүүлүккө катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын ачуу боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары улантылууда.