«Ала-Тоо Резорт» курортунун лыжа трассалары 2-декабрда ишке кирет
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында 1-декабрда «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштөөчү тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бирок ачылыш күнү лыжа тебүү мүмкүн болбойт. Тоо лыжа трассалары конокторду 2-декабрдан тартып кабыл ала баштайт.
Салтанаттуу ачылыш күнү коноктор үчүн эл аралык жана жергиликтүү артисттердин катышуусунда чоң концерттик программа уюштурулат.
Иш-чаранын башкы коногу дүйнөгө таанымал америкалык аткаруучу Jason Derulo болот. Ошондой эле сахнага франциялык ырчы Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, Morandi тобу, казакстандык ырчы Кайрат Нуртас, «Ирина Кайратовна» тобу, Бегиш, Jax жана DJ King Macarella чыгат.
Салтанаттуу ачылыш 1-декабрда саат 13:00дө башталат.
Коноктор үчүн кирүү акысыз