Ысык-Көлдөн 50 килограмм таштанды жана 400 метр тор чыгарылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликтин алдын алууга жана суу биоресурстарын коргоого багытталган рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын аймагында көлдүн акваториясынан узундугу 400 метр болгон эски синтетикалык балык уулоочу тор, ошондой эле 50 килограмм таштанды алынып чыкты.

Белгилей кетсек, сууда калып кеткен синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, ошондой эле көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.
Мекеме Ысык-Көлдүн жаратылышын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддер мындан ары да улантыларын билдирди.