Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда Балбай баатырдын эстелигинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Аземде Акылбек Түмөнбаев сөз сүйлөп, Балбай баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы ордуна, жасаган эрдиктерине жана мекенчилдигине токтолду.
Ошондой эле тарыхый инсандардын жаркын элесин эскерип, алардын өрнөктүү өмүр жолун кийинки муундарга жеткирүү маанилүү экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Акылбек Түмөнбаев Балбай баатырдын эстелигин тургузууга чоң салым кошкон. Анын демилгеси жана колдоосу менен ишке ашкан бул саамалык тарыхый мурасты даңазалоого жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган. Салтанаттын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Акылбек Түмөнбаевге көрсөткөн колдоосу жана демилгеси үчүн ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле депутаттык топтун жетекчиси Балбай баатырдын элесине арналган республикалык айтышка да күбө болду. Анда ондогон төкмө акындар айтышып, сөз чеберчилигин, чыгармачылык дараметин жана төкмөлүк өнөрүн көрсөтүштү.