Эртең, 21-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16.
Бишкекте түнкүсүн 4…6°, күндүз 15…17° жылуу болот.