Апта башында Бишкекте жаан-чачын болбойт. 16-18-ноябрга карата аба ырайы
Аптанын башында Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомол беришүүдө.
16-ноябрда күн бүркөлүп турат. Түнкүсүн -2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Күндүз термометрдин көрсөткүчү +8 градуска чейин көтөрүлөт.
17-ноябрда түнкүсүн -4 градус суук болору божомолдонууда. Күндүз аба +13 градуска чейин жылыйт.
18-ноябрда аба ырайында олуттуу өзгөрүү болбойт. Түнкүсүн бир аз жылуураак болуп, болгону -1 градус болот. Күндүз +13 градус жылуу болору күтүлүүдө.