Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн түштүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
12:35, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg
15-17-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
ӨКМдин чукул билдирүүлөр борборунун маалыматы боюнча, мындай аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунуч жаратат.
Атап айтканда, үшүк мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга, казылып алынып, жабылбай калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.