USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү. Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

11:12, 16 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Аталган жол тилкесинде унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18