USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Нарында аба-ырайына байланыштуу Сары-Кыр жана Кында ашуулары жабылды

11:14, 12 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу эки ашууда жана бир унаа жолунун тилкесинде унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдироди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жол тилкелери жабылды:

  • Казарман — Жалал-Абад жолу — 0-52-чакырым аралыгы, Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусу;
  • Нарын — Орук-Там жолу — Эки Нарын айылынан 50-чакырымдан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки тилке;
  • Ат-Башы — Кында — Торугарт жолу — 0-225-чакырым аралыгы, Ат-Башы районундагы Кында ашуусу.

«Аба ырайынын жана жол шарттарынын начарлашынан улам бул тилкелерде унаалардын коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк жок», — деп айтылат маалыматта.

Жабылган жол тилкелери аба ырайына жана жолдун абалына жараша жаз айларында ачылат. Айдоочуларга убактылуу жабылган жолдорго чыкпоо жана коопсуздук талаптарын сактоо эскертилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18