23:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарган завод курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронго курулуш материалдарын чыгарган Британиянын Concrete Canvas компаниясынын продукциясы көрсөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жыл Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кардиффде Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Бүгүн Чүй облусунда компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн продукциясын пилоттук долбоор катары көрсөтүп беришти.

Компания жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарат. Тагыраагы чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.

«Кыргызстан боюнча 30 миң чакырымга жакын узундуктагы канал болсо, анын 11 миң чакырым каналдын алдына бетон төшөлгөн. Эгерде бул материалдар каналдардын алдына төшөлсө, суунун жоготуусун алдын алабыз. Кыргызстан агрардык мамлекет, айдоо жерлери көп, ошол себептүү биздин өлкөгө бул материалдар абдан керектүү. Компаниянын заводун жакын арада Ош облусунда куруп баштоо пландалууда. Инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алат», — деди Бакыт Төрөбаев.

Concrete Canvas компаниясынын Кыргызстанда ачыла турган заводунун продукциялары ички рынокту гана камтыбастан, Россия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерге экспорт болот.

Эң көп окулган жаңылыктар