17:01
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Азия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого даяр

Вашингтондо (АКШ) министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, атап айтканда АӨБ тарабынан каржыланган учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

 АӨБдүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоого катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Акылбек Жапаров АӨБ президентине аталган долбоордун фундаменталдык артыкчылыктарын, сунушталган каржылоо моделин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугуна тийгизүүчү потенциалдуу таасирин, ошондой эле бул долбоорду каржылоого катышууга кызыкдар болгон башка маалыматтарды айтып берди.

Масацугу Асакава Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого катышууга жана региондун энергетика тармагын, инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Финансылык колдоонун жана финансылык инструменттердин көлөмү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун финансылык моделинин түзүмүнө жараша болот.

Масацугу Асакава банк катышуучу өлкөлөргө өтө жеңилдетилген суверендүү кредиттерден тартып жеке секторду насыялоого жана ар кандай кепилдиктерди берүүгө чейинки финансылык инструменттердин кеңири спектрине ээ экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров аны июнь айынын башында Австриянын Вена шаарында өтө турган, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна арналган энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Көбүрөөк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында Масацугу Асакава чакырууну кабыл алды.

Венадагы форумда маанилүү стратегиялык чечимдердин кабыл алынышы, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу кызыкдар тараптардын билдирүүлөрү жарыяланышы пландалууда.

Белгилей кетсек, Масацугу Асакава Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ноябрь айында Кыргызстанга келет. Анда АӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле банк тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу жана жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума