23:10
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров Вашингтондо эки тараптуу келишимдерге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышты.

Дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, USAID уюмунун, Америка-Кыргыз соода палатасынын, Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа инвестициялык банкынын, Эл аралык финансы корпорациясынын, «Franklin and Templeton» инвестициялык компаниясынын, «Citibank» эл аралык банкы, «Rotschild & Co» компаниясы, Эл аралык республикалык институт (IRI), «Alvarez & Marsal» консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Вашингтондо төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 35 миллион доллар каржылоо берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 7,64 миллион доллар өлчөмүндөгү «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбооруна экинчи кошумча каржылоо маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуу жана башка тармактарга инвестиция тартуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Кыргызстандын делегациясы бир катар технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, алар Apple Inc компаниясынын башкы кеңсесинде, Сан-Францискодо Nvidia корпорациясынын, Hewlett-Packard Company корпорациясынын кеңсесинде болушту, ошондой эле венчурдук инвестор жана ишкер Тим Дрейпер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар