22:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кызамык. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын соңуна карата республика боюнча кызамык оорусунун 7 миң 46 учуру катталса, ал эми үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата 8 миң 209 учуру катталды. Анын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү.

«Республиканын аймагында вирус өткөн жумага салыштырмалуу 1,8 эсеге азайган. Өлкө боюнча 2023-жылы паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөдөгү вакцинанын биринчи дозасы менен камтуу 96 пайызды же 138 миң баланы, экинчи дозасы менен 92,7 пайызды же 146 миң 325 баланы түздү», — деп белгиледи мекеме.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине оорунун алдын алуу жана балдарды кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. «Балдарды эмдөө боюнча күч-аракеттерди максималдуу түрдө көбөйтүү, ошондой эле кызамык оорусун жуктуруп алуу учурларын болтурбоо үчүн бардык медициналык мекемелерде санитардык коопсуздук чараларын жана көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги оор жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды бериши керек.

Эдил Байсалов

«Өзгөчө ата-энелер тарабынан ден соолукка кайдыгерлик мамиле менен зыян келтирүүгө жол берилбеши керек. Балдарды кызамык жана башка оор илдеттерге каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу коомчулук менен иш алып баруу зарыл», — деди Эдил Байсалов жана эмдөө иштери мурдагы Советтер Союзу же Европа менен Америкада гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, бүткүл ислам дүйнөсүндө, Сауд Арабияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана балдардын ден соолугуна зыян келтирген ата-энелерге катуу жаза каралган башка өлкөлөрдө кеңири жүргүзүлөрүн айтты.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар