19:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Акылбек Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Ишкердик мамилелерди чыңдоо жана өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго болгон жумуш сапарынын алкагында ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен эрте мененки бизнес-тамакка катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Жолугушууга өлкөбүздүн экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон финансы рыногунун негизги оюнчулары жана топ-менеджерлери чогулду.

Экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартуунун келечеги, ошондой эле бизнес менен өкмөттүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Акылбек Жапаров инвесторлорго өлкөбүзгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле жалпы өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бизнес менен өкмөттүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Ал мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенерин билдирдип, инвесторлорду июнь айында Вена шаарында өтө турган форумга катышууга, иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума