18:16
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Европа инвестициялык банкы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого даяр

Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоого кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

«Маркус Берндт Дүйнөлүк банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу финансы институттары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун каржылоого даяр экендигин жогору баалады. Ал кошумчалагандай, алардын мындай кадамдары «долбоор бүгүнкү күндө абдан келечектүү жана актуалдуу экенин көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума