19:33
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Кемин районунун бюджетинде 52,5 миллион сом финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринде 2022-жылга карата 52 миллион 495,1 миң сом финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Чүй облусунун Кемин районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансылык бузуулар:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджет долбоорлорун түзүүдөгү жана кароодогу бузуулар — 7 миллион 739,2 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар— 344,4 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюдежеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 7 миллион 807,7 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар — 937,2 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар — 4 миллион 954,4 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар — 549,4 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүү тартибин бузуу менен отчет берүүгө аванстарды берүү — 55,6 миң сом;
  • ашыкча төлөө жана белгиленбеген төлөмдөр — 3 миллион 370,2 миң сом;
  • сотко кайрылуу себеби болуп, мекеменин кызматтагы адамдарынын аракеттери (аракетсиздиктери) эсептелген учурда, соттук доолорду аткаруу боюнча каражаттардын чыгымдалышы — 3 миллион 730,2 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу — 271,8 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) — 173,3 миң сом;
  • тастыкоочу документтер жок туруп, мүлктү жана ТМБларды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу — 2 миллион 279,1 миң сом;
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу — 7 миллион 797,4 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбашы — 100,7 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдаланууда негизги бузууларга кирбеген жана башка бузуулар — 1 миллион 603,1 миң сом;
  • бухгалтердик жана башка отчеттуулукту бурмалоо — 1 миллион 172,7 миң сом;
  • командировкалык чыгымдарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбашы — 2,5 миң сом;
  • дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар — 250 миң сом;
  • накталай акча каражаттары менен иштөө жана кассалык операцияларды жүргүзүү тартибинин сакталбашы — 111,6 миң сом.

«Жаңы-Алыш Машина-трактордук станциясы» муниципалдык ишканасынын ишине жүргүзүлгөн аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областтык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Кемин районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума