16:11
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Бишкек-Ош жана Бишкек — Нарын унаа жолдорунда 550дөн ашык мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдорунда масштабдуу профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар тарабынан ылдамдыкты олуттуу ашыруу фактылары катталган. Маселен, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Бообек айылындагы тилкеде айдоочулар ылдамдыкты ашырып айдап жатышканы аныкталды:

калктуу конуштарда унаанын максималдуу ылдамдыгы — 60 км/саат;

калктуу конуштардан тышкары — 90 км/саат.

Бир жумалык рейддин жыйынтыгы:

Жалпысынан 28 255 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

3 159 — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;

3 105 — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;

2 266 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;

560 — мас абалында унаа башкаруу;

185 — терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу;

10 804 — башка эреже бузуулар.

Рейддин алкагында 4 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар