00:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыкта 7 киши жаракат алышты

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 7 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун аймагында «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума