23:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Назира Кадыева: Жоопкерчиликсиз инсандарды экинчи эфирге чакырбайбыз

Фото Назира Кадыеванын жеке архивинен. алып баруучу Назира Кадыева

НТС телеканалындагы «Тан Шоола» программасынын редактору Назира Кадыева бир кездерде булбул үндүү кыргыз тилдүү ди-джейлердин алдыңкы сабында эле. Азыр алып баруучулукту колго алып, эл тарабынан жакшы кабыл алынган теле долбоордун үстүндө эмгектенүүдө. Каарманыбыз 24.kg агенттигине ди-джейликтен теле алып баруучулукка чейинки чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

— Кыргыз телеберүүлөрүндө ток-шоулардын саны дээрлик аз. Ток-шоулар менен иштөө кыйынбы? «Ачыгын айтканда» долбооруна каарман, конок топтоо жагынан кыйынчылык жокпу?

— Буга чейин социалдык программа элибизге керек деп ойлочумун. Ток-шоу өтө оор жанр, анткени ар тараптуу ойлонгон инсандарды бир студияга чогултуп, алардын баарынын пикирин угуп, ошол эле убакта эфирди туура нукка буруп туруу керек. Бул алып баруучу үчүн оор. Ошол эле мезгилде убакытты кетирбей, каармандардан баардык суроого жооп алып, берүүнүн кызыгын арттыра турган жаңы маалыматтарды дагы чыгарып туруу керек. Долбоорду эл жакшы кабыл алып, баа берип жатышат.

Темаларды актуалдуулугуна жараша тандап алабыз. Каармандарды, конокторду табуу оңой эмес. Баарынан дагы аларды көндүрүү кыйын. Коноктор арасында кээде берүүгө аз калганда келбей калган учурлары болот, чакырылган бир киши эле келбей калса, берүү толук кандуу болбой калат. Тилекке каршы, жоопкерчиликсиз инсандар бар. Бирок, биз аларды экинчи эфирге чакырбайбыз.

Назира Кадыева

Назира Кадыеванын жеке архивинен
Фото Назира Кадыеванын жеке архивинен. Назира Кадыева иш-чараны алып баруу учурунда

— Долбоордун каармандарынын андан аркы тагдырына кызыгып турасыздарбы?

— Албетте, каармандардын тагдыры биз үчүн кызыктуу, дайым телефон чалып байланышып турабыз. Албетте, баары менен мамилени улантууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок, көз салып, алар боюнча маалыматтарды караштырып коем.

— «Кыргызстан обондорунда» Даниярова болуп жүрдүңүз, кайсы фамилия өзүңүздүкү?

— Аталган радиодо алгач иштеп баштаганда башка жакта эмгектенгендиктен, псевдоним менен чыгууну сунушташкан. Мен ага макул болгонмун. Бирок, көп өтпөй өзүмдүн фамилиям менен тааныла баштадым. Назира Кадыева өзүмдүн аты-жөнүм. Мурда радиодо үнүмдү гана угушса, азыр теле аркылуу жүзүм дагы тааныла баштады.

Назира Кадыеванын жеке архивинен
Фото Назира Кадыеванын жеке архивинен. Назира Кадыева "Ачыгын айтканда" ток-шоусун алып барууда

— Көгүлтүр эфирден эле эмес тойлордон да көрүп калабыз. Обон созуп ырдаганыңыз да бар?

— Ыр жаздырып, клип тарттырып жүрөм. Буйруса, бул жаатта да кесипкөйлүгүмдү көрсөтөйүн деп жатам. Жакында концерт коеюн деген ойлорум бар. Ага даярдык көрүп, азыр репертуарды кеңейтип, жаңы ырларды жаздырып жатам.

Тойлордо «Жар-жар» айтып баштадым. Жашырган менен болобу, баарыбыз той менен каражат таап калдык. Көптөн бери эле элибиздин жакшылыгын башкарып, тамада болуп жүрөм.

— Эл аралык фестиваль, кароо-сынактарды алып барганыңызды көп көрбөйбүз? Сунуш жокпу?

— Мен Ала-Тоо аянтындагы эн чоң масштабдагы концерттерди, мамлекеттик иш- чараларды байма-бай алып барып турам. Болгону аны керектүү деңгээлде жарнама кылбасам керек. Мисалы, Орусиялык ырчылардын катышуусу менен өткөн Ала-Тоо аянтындагы концерттерди алып бардым. Нооруз, 31-август- Эгемендүүлүк майрамын жыл сайын Нурзат Токтосунова же мен алып барам.

-Өзүңүзгө кандай сыпаттама бересиз?

-Адамдардагы жакшы сапаттарды көргөнгө аракет кылам, анткени жаман сапаттарын өздөрү эле көрсөткөнгө жетишет. Болбой эле жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Ак көңүл, жайдары мүнөз, бирөөгө ак дилден мамиле кылгандарданмын. Баардык нерсе кудайдан, жакшылык жакшылык менен кайтаарына ишенем.

Ал эми жакпаган сапатым —ишенчээкмин, алданып калган учурларым болгон.

Назира Кадыеванын жеке архивинен
Фото Назира Кадыеванын жеке архивинен. Алып баруучу Назира Кадыева

Эң көп окулган жаңылыктар