15:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Никол Пашинян Армения премьер-министрлигине шайланган жок

Армениянын парламенти добуш берүүнүн биринчи турунда Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайлаган жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, парламенттеги үч фракция добуш берүүдөн баш тартып, «Елк» фракциясынын депутаттары калыс болду. Жыйынтыгында Пашиняндын талапкерлигине каршы бир депутат добуш берип, 11 эл өкүлү калыс бойдон калды.

Парламенттеги «Елк» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Пашинян өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болгон. Эми добуш берүүнүн экинчи туру 1-ноябрда өтөт.

Пашинян отставкага кеткенин 16-октябрда жарыялаган. Ал мындай кадамга учурда экс-премьер Серж Саргсяндын Республикалык партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон мыйзам чыгаруу органын таратып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн барган.

Эми бир жуманын ичинде жаңы премьер-министр шайланбаса, өлкөнүн парламенти таркап, декабрдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар