«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы октябрдын акырына чейин мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ставканы 8ден 7 пайызга чейин төмөндөтүүнү убада кылууда. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул максатта Каржы министрлиги каражат бөлүшү керек. Аталган министрлик 500 сом бөлсө, 400-500 кишиге ипотека бергенге жетмек.
Азыркы тапта пайыздык ставканы бир пайызга төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.