09:22
USD 87.45
EUR 90.05
RUB 0.85

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын «Азаттыкка» билдирди.

Ал «Атамбаев качып кетти» деген пикирлерди четке какты. «Келет же келбейт деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет», -деди ал.

Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП мурдагы президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катыша турганын, мекенине жекшемби күнү кайтаарын маалымдаган.

Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган.

Коомчулукта «экс-президент качып кетти» деген пикирлер күч алган.

Эң көп окулган жаңылыктар