04:15
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

«Бир күнгө күйөө бала»: Устукан үчүн тойдо жаңжалдар чыгат

Кыргыздар илгертеден эле той-ашка жакын калк. Бала төрөлгөндөн тарта ар кандай ырым-жырымдар жасалып, тойлор тойго уланат. Мындайда той ээлери буту-бутуна тийбей чуркап, келген меймандарга болушунча ызаат көрсөтүп, кызмат кылышат. Акыркы жылдары замандын талабына жараша «Бир саатка келин» деген кызмат пайда болуп, той ээлеринин жеңилин жерден, оорун колдон алышууда. Жакында эле «Бир күнгө күйөө баланын» милдетин аткарып жаткан Улан Ыктыбаев 24.kg агенттигине кызматы тууралуу айтып берди.

— «Бир күнгө күйөө бала» идеясы кантип пайда болду?

— Негизи кичинемден эле мал соем, өзүм айылда өскөндүктөн касапчылар менен аралашып жүрүп эле өздөштүрүп алгам. Башында тааныш-билиш, тууган урук, жамандык жакшылыктарда кызмат кылчумун, анан биринен бири угуп суранып калышчу. Ал тургай кээде анча мынча акча да карматып коюшчу болду, ошондон кийин акчага мал союп, устукан тарта баштадым.

— Канча жашыңызда биринчи жолу мал сойгонсуз?

— Эң биринчи жолу 4-класста окуп жүргөндө кой сойдум. Кийин 9-класста бодо малга өттүм.

— Кызматыңызды суранып, суроо-талап кылгандар көбөйдүбү?

— Ооба, кардарлардын саны көбөйдү. Азыр эми мага окшоп иштегендер көп, бирок ар кимдин кызматы ар кандай. Айрымдары атайын мал союлуучу жайлардан тейлеп беришет, мен болсо чакырган үйгө барып өзүлөрүнүн шартында жасап берем, мындайча айтканда күйөө бала катарында кызмат көрсөтөм.

— Сиз жалгыз иштейсизби?

— Азыркы учурда жалгыз иштейм, баарын өзүм кылам. Бирок, убакыт өткөн сайын жалгыз кызмат кылуу кыйыныраак болуп жатат, жаныма тыңыраак эки жигит болсо жакшы болот эле. Бирок, мындай кызматка жаштар кызыгышпайт экен.

— Жумушуңуз сезонго байланыштуубу?

— Сезонго жараша дейин десем көбү ага деле карабай калышпадыбы. Илгери той-топур ишемби, жекшемби болчу эле. Азыр күн сайын чакыруу болуп жатат. Өзүм Бишкекте турам, көбүнчө шаардын ичине эле чакырышат, жарнама бергенден бери айылдан чалгандар да пайда болду.

— Аттандаштарыңыз барбы?

— Атаандаштык бар экен. Негизи мени үй ээлери жалдап келгенин эч ким деле билбей калат.

— Сыр болбосо тейлеген кызмат үчүн канча акы аласыздар?

— Кой, эчки үчүн 1000 сом, үйүнө барып союп бышырып берем. Ал эми бодо мал 5000 сомдун тегереги, эгер жөн эле бышырып берсем 2000 сом болот. Көбүнчө акым жумуштун жеңил -ооруна жараша келишим түрдө болуп калат.

— Тейлөө кызматы учурунда кызыктуу окуяларга күбө болдуңузбу?

— Кызыктуу окуялар деле болбойт, кээде эле жаңы ачылган ресторанда табактарды алмаштырып жиберишкени эле болбосо. Бирок, жалпысынан бул жерден жаңылганга болбойт, анткени кыргыздар илгери сый-урматын, кимге кандай мамиле кылаарын дал ушул устукан тартуу салты менен билгизген. Устукан үчүн уруу-уруу болуп кагышып, же болбосо тууган уругунан бөлүнүп да кетишчү деп угуп калам. Азыр деле андай жагдайлар кездешет. 

Көбүнчө устукандаганды билген жана билбегендердин ортосунда жаңжал чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби