Талас облусунда эки унаа сүзүшүп, кесепетинен бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы тургуну өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасы менен Мерседес Гелендваген унаасын сүзүп алган. Кырсык болгон жерден эки унаанын тең айдоочулары ооруканага жеткирилип, ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу алган жаракаттарынан улам каза болду.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Талас районунун Кара-Суу айылында болгон.