19:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажикстан түштүгүндө эки киши минага жарылып мерт болду

Тажикстандын түштүгүндөгү Шамсиддин Шохин районунда эки киши минага жарылып мерт болду. Трагедия 18-октябрда болгон.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, 22 жаштагы Орзу Содиков жана 29 жаштагы Зухуршо Рахматов аң уулап жүрүшүп, жөө жүрүүчүлөргө каршы коюлган «Лепесток» минасын басып алышкан. Жардыруучу заттын бул түрү 80-жылдары совет өндүрүшүнөн чыккан жана биринчи жолу Ооганстанда колдонулган.

Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Былтыр май айында «Лепесток» минасынан эки бир тууган өспүрүм жаракат алган. Окуя 2005-жылы орусиялык чек арачылар жайгашкан Хучак деген жерде болгону маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар