15:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Иттер талаган баладан кутурма оорусунун белгилери аныкталган жок

Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында талаадан итке таланып ооруканага түшкөн баладан кутурма оорусунун белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка таянсак, учурда баланын абалы канааттандыраарлык. Ал өз алдынча тамактанып, басып, ойноп калды.

Мал догдурлардын билдирүүсундө, балага кол салган 3 иттин бирөөсү атылды. Калган 2 жаныбар байкоодо турат.

Эске салсак, окуя 12-октябрда катталган. 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы иттер талап, ал оор абалда ооруканага жеткирилген.



Эң көп окулган жаңылыктар