USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Жогорку Кеңеште саатты алдыга жана артка жылдыруу сунушталды

11:52, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов парламенттик отурумда саатты күзүндө бир саат артка, жазында алдыга жылдырууну сунуштап чыкты. Айтымында, кышкысын айрыкча жаш балдарга кыйын болууда.

«Балдардын маанайы пас, кежирленип башташат. Эртең менен эрте турга албайт. Айрым мектептер 3 смен менен иштейт, сабактар 7 жарымда башталат. Окуучулардын уйкусу канбай, сабакка даяр эмес. Айдоочуларга да кыйын болду, жол кырсыктарынын себебинин бири ушул», -деди депутат.

Ал сунушун Илимдер академиясына жолдоду.

Эске салсак, 2005-жылга чейин Кыргызстан сезон менен саатты алдыга жана артка жылдырып келген.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика