22:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Камчыбек Ташиевдин уулу модель кызга үйлөнөт

Модель, бир топ клиптердин көркүн ачып жүргөн Эркеайым Абдуллаева Камчыбек Ташиевдин уулуна турмушка чыгат. Жакында Тай-Мурас аттуу жигит Эркеайымдын колун сурагандыгын жергиликтүү сайттардын бири жазып чыкты.

Бул тууралуу Эркеайым «Жигитим Тай-Мурас менен интернет аркылуу таанышып, көпкө чейин сүйлөшүп жүрүп, анан жолуктук. 6-октябрда Тай-Мурастын бир тууган эжесинин туулган күнүн белгилеп отурсак, күтүлбөгөн жерден 101 роза гүлүн тартуулап колумду сурады. Болочок кайын журтум 10-октябрда кыргыздын салты менен мага сөйкө салып кетишти. Кыз узатуу тоюбуз 30-октябрга, заманбап тоюбуз 9-ноябрга белгиленди», -деп билдирген.

«Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин баласы. Беш бир туугандын экинчиси экен. Ишкерлик менен алектенет. Ал кишинин уулу экенин кийин билдим. Тай-Мурастын адамдык сапатын бааладым», -деп кошумчалаган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума